Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Кыргызстанда келе жаткан ишемби иш күнү
24.03.2022 | 17:52
Кыргызстанда келе жаткан ишемби, 26-март жумуш күнү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, жыл башында иш күндөрдү жылдыруу чечими кабыл алынган. Жумасына беш күндук график боюнча иштеген жарандар үчүн төмөндөгүдөй иш күндөрү жылдырылган:
– 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө
– 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү — 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө
– 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом