ЮНИСЕФ: Украинадагы балдардын жарымынан көбү жер которгон

ЮНИСЕФ: Украинадагы балдардын жарымынан көбү жер которгон

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар агенттиги (ЮНИСЕФ) Орусиянын чабуулу Украинадагы балдардын көбүн жер которгон деп билдирди.

ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө Украинадагы бир айлык согуш 4,3 миллион баланы, бул өлкөнүн болжолдуу 7,5 миллион өспүрүмдөрүнүн жарымынан көбүн жер которгондугу айтылат. Бул санга кошуна өлкөлөргө качкын катары кеткен 1,8 миллиондон ашык бала менен кошо учурда Украинанын ичинде жер которгон 2,5 миллион бала кирет.

«Согуш Экинчи Дүйнөлүк Согуштан берки балдардын эң тез масштабдуу кыймылдарынын бирин жаратты», — деди ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Кэтрин Рассел.

«Бул келечек муундар үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон оор учур. Үзгүлтүксүз зордук-зомбулуктан улам балдардын коопсуздугу, жыргалчылыгы жана негизги кызматтарга жетүүсү коркунучта”, — деп кошумчалады ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>