Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Зеленский Орусияны фосфор бомбасын колдонгон деп айыптады
24.03.2022 | 18:05
Украинанын президенти Володомир Зеленский орус күчтөрүн фосфордук ок-дарыларды колдонду деп Батыш жыйынында айыптады. Бул туурасында Ал-Жазира жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, бирок андай ок-дарылар кайда колдонулганы тууралуу кененирээк маалымат бербестен жана анын ырастоолоруна далилдерди келтирбестен гана айткан.
«Бүгүн эртең менен… фосфор бомбалары колдонулду. Орус фосфор бомбалары. Чоңдор дагы өлтүрүлдү, балдар дагы өлтүрүлдү», – деди ал НАТОнун өкүлдөрүнө видеобайланыш аркылуу.
Фосфор ок-дарылары кычкылтек менен тийгенде күйүп, катуу күйүккө алып келген порохторду чачат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар