Куудул Жакут Сыдыковдун телефонун 6 жылдан бери хаккер башкарат

Куудул Жакут Сыдыковдун телефонун 6 жылдан бери хаккер башкарат

Куудул Жакут Сыдыков өзүнүн көтөрүп жүргөн смартфонун 6 жылдан бери хаккер башкарып жатканын, алтургай үй-бүлөлүк мамилесине да чок салууга аракет көргөн. Бул туурасында куудул өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Менин телефонумду, алты жылдан бери хакер башкарып келет. Аны көбү менин аялыман шектенишет. Байкушумдун эч тийешеси жок болсо, бул хакер далай дос, курбудан чыгарды. Ал досторду “черныйга” тыгып салат. Аны түшүнбөй, себебин тактап албай, мага жаман сөздөрүн жазып туруп, көңүлүмдү оорутуп туруп, мени да “черныйга” тыгып салышат. Суранычым досторго сабырдуу болгулачы. Мени бүгүн дагы бир досум камады. Анткени түндө сонун сүйлөшкөнбүз. Алдыдагы концертке пародия жанрына иделарды издеп, таап дегендей… Эртең менен турсам эле, ал дагы черныйга тыгылыптыр. ФБ досум эле. Баракчасын таап кайра эч жандыра албай койдум. Кыскасы бул хакердин мындан да чоң, зыяндары бар. Бирок жок болуп кетпей койду. Алты жыл сабыр кылдым. Үй-бүлөмө да чок салып жүрдү. Мисалга мен ким менен ватсап, интсаграм, ФБ, одноклассниктен, телеграмдан сүйлөшсөм (эгер кыз келин болсо) ошол смс, “голосовойлорду” менин ватсабыман аялыма ыргытып турат. Просто таң каласың. Келинчек болсо ага уже эч маани да бербей көнүп калган. Мындай көйгөйүм бар экенин билген досторум да бар. Милицияга да барганбыз. Мындай болушу мүмкүн эмес деп коюшкан. Балким силер жардам бере аласыңар, ия достор?”- деп жалпы социалдык колдонуучуларына кайрылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>