Либерал-демократиялык партиянын юристтери лидери Владимир Жириновскийдин өлүмү тууралуу жазган басылмаларга каршы доо арыздарды даярдап жатышат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ошондой эле партия бул басылмалардын бардыгы менен кызматташууну биротоло токтотуп жатканы кабарланды.
Партиянын басма сөз кызматы маалымат каражаттары бул кабарды текшербей туруп жарыялап жатканына нааразы.
«Биз өз аброюн баалаган бардык ЖМКларды Владимир Жириновский тууралуу анонимдүү ушактарды цитата келтирүүнү жана кайра басып чыгарууну токтотууга чакырабыз», — деп билдирди басма сөз кызматы журналисттерге.
Эске салсак, буга чейин бир катар орусиялык басылмалар сенатор Александр Пронюшкинге шилтеме берүү менен Владимир Жириновскийдин өлүмү тууралуу кабарларды жазып чыгышкан. Белгилүү саясатчынын өлүмү тууралуу кабар Россияда эле эмес, көптөгөн өлкөлөрдүн басылмалары жазып чыкты.
Бир сааттын ичинде бул кабар Мамлекеттик Думада, партияда, Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинде жана саясатчынын уулунан төгүнгө чыгарылды.
Жириновский учурда Москвадагы клиникалардын биринде. Ал коронавирус менен ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк саясатчы комага түшкөн.