Бишкекте велосезондун ачылышы жылдырылды

26.03.2022 | 14:22

Бишкекте 3-апрелде велосезондун салттуу ачылышы болот. Бул тууралуу уюштуруучулар Facebook баракчасына жарыялашты.

Чогулуу “Адинай” ден соолукту чыңдоо паркында саат 09:00дө болот. Буга чейин ачылышы 27-мартка белгиленген, бирок спорттук иш-чаранын датасы өзгөртүлгөнү маалымдалган.

Иш-чара “Сергек жашоо – дени сак муун” урааны астында өтөт.

Белгиленгендей, программада веложүрүш, сынактар ​​жана белектерди таратуу каралган.

Scroll to Top