“Кырк Ууз” партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарттыМедер Абакиров ЕБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугуштуКыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоо. Жаңы үмүт, жаңыча ыкмаларБекешев: Курулуш министрлиги Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сыртындагы кондиционерлерди алып салууну көздөөдөМектептерге башталгыч класстар үчүн жаңы окуу китептери таркатылууда«Азия Моллдун» жанындагы авто кырсыкта 3 жаштагы кыз каза болду
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
04.04.2022 | 14:15
5-апрелде кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалын (Эскерүү күнү) майрамдоого байланыштуу Торугарт жана Эркеч-Там өткөрмө бекеттери автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот.
Өткөрүү пункттары 6-апрелден тарта кадимкидей иштей баштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар