Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Мугалимдердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү
04.04.2022 | 14:58
Бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Бул туурасында президент Садыр Жапаров социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына билдирди.
“Билим берүү министрлигине 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт”- деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика