Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Бишкектин тургундары парктын аймагында курулуш башталганына нааразы
05.04.2022 | 12:00
Сүйүмбаев көчөсүндөгү No144 үйдүн тургундары No4 мектеп гимназиясы менен үйүнүн ортосундагы сейил бак эс алуу аймагында башталган курулушка нааразы болушууда.
Алардын айтымында, алар объект курууга ниеттенип жаткан жерде бак-дарактар кыйылган. Тургундар мектеп жана сейил бак аймактарында курулуш иштери башталганын айтууда.
«Биз ар кандай курулуштарды тургузууга каршыбыз. Бул иштер Сүйүмбаевдин тез тамактануучу жайлары бузулгандан кийин эле башталган», – деп кайрылышууда имараттын тургундары Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров менен вице-мэр Виктория Мозгачевага.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом