Талас: Түндө үйгө кирип, бычак такап коркутуу менен буюмдарын алып кеткен

Талас: Түндө үйгө кирип, бычак такап коркутуу менен буюмдарын алып кеткен

28-март күнү Талас районунун Калба айыл өкмөтүнө караштуу таштанд таштоочу  жерде  иштешип, жашаган 2 жаран милицияга кайрылышкан.  Бул туурасында Талас облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,   таңга  маал  болжолу жашы 35-40  жаштагы бир бейтааныш адам уктап жаткан бөлмөнүн терезеси аркылуу кирип,  колундагы  бычагы  менен  коркутуп  К. Дга  жана  С. Ага  таандык уюлдук телефондорун   алып  кеткендигин билдирген.

Окуя  болгон  жерге жергиликтүү милиция барып,  тиешелүү текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзгөн.  Маалыматты эсепке алуу  милициянын журналына  катталып,  Кыргыз Республикасынын КЖКнын 207 (каракчылык) — берененин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында   жогорудагы кылмышка шектүү Талас облусунун Манас районунун Көк-Дөбө  айылынын  41 жаштагы   Д. Р. аттуу жаран экендиги жана кылмышка барган учурда  мас абалда болгондугу  аныкталган.

Кылмыш болгон учурдан баштап 3 күн ичинде милиция кызматкерлери тарабынан  кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда соттун чечими менен  Талас облустук милициянын убактылуу кармоочу изоляторуна  киргизилип,  тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>