Бекешев: Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары бүт байышты

Бекешев: Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары бүт байышты

Жогорку Кеңеште мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Депутат Бекешев Бишкек шаарынын муницпалдык кызматтардын жетекчилери байып жатканына токтолду.

Бишкек шаарынын муниципалдык кызматкерлерин карагылачы, бүт байышты. Анткени, тендерлерди өздөрү жүргүзүшөт. Жакындарынын атынан бир фирма ача коюшуп ошол жерден баарын былгытышат. Же туугандарын аралаштырат. Тендерди “өзүнүн” компаниясы аркылуу баардык иштерин калып, баарын сатып алышат”— деди эл өкүлү.

Ал ортодо Экономика министри Данияр Амангелдиев да депутатка жооп кайтарды.

“Дастан Далабаевич, бул прокуратуранын иши. Эгерде ошондой фактылар табыла турган болсо мыйзам чегинде каралышы керек”-деди министр.

“Силер кайра эле укук коргоо органдары дейсиңер, силер корупция үчүн профилактика кылып, эскертүүлөрдү беришиңер керек да. Жок дегенде мамлекеттик сатып алуулар порталына көз чаптырып, маселен, кафелди кымбат алып жатканын карабайсыңарбы?  Бардыгы ачык эле көрүнүп турбайбы? Манас аэропорту 2009-жылы бир жылда 2-3 жолу ремонт кылышкан”- деди Бекешев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>