БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Ош: Үйдүн дубалы урап, аксакал каза тапты
05.04.2022 | 13:57
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын Касымов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ээси эшигин ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар турак үйдүн эшигин ачкан кезде, үйдүн ички дубалы урап түшүп 75 жаштагы Б.А. аттуу эркек кишини басып калгандыгы аныкталган.
Каза болгон жарандын сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар