Жактоочу соттон Атамбаевди онлайн суракка алууну өтүндү

Жактоочу соттон Атамбаевди онлайн суракка алууну өтүндү

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов сот залына алып келинди.

Жактоочу Сергей Слесарев айыпталуучу Атамбаевди онлайн суракка алууну суранды.

«Алмазбек Атамбаевди видеобайланыш аркылуу суракка алса болот. Аны сот залына алып келип мажбурлабоону суранам. Ден соолугунун начардыгы тууралуу дарыгердин справкасы бар. Коопсуздук максатында Алмазбек Атамбаевди сотко алып келбей эле коюш керек», — деди ал.

Экинчи жактоочу Замир Жоошев кесиптешин колдоп, Алмазбек Атамбаевдин жаш курагын эске алууну соттон өтүндү. Мындан тышкары, анын айтымында, бул айыпталуучунун катышуусунун зарылдыгы жок, анткени Атамбаев эч кандай көрсөтмө бербейм деп жатат.

Кийинки сот отуруму эртең, 6-апрелге белгиленди.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 5-6-октябрында Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого каршы митингдер өткөн. Андан кийин баш аламандыктар башталган. 6-октябрда коомчулуктун кысымы менен БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон. Бир нече соттолгон саясатчылар абактардан бошотулган. Анын ичинде азыркы президент Садыр Жапаров да бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>