Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Бишкектен 19 жаштагы жигит бирөөнүн унаасын тартып алды
09.04.2022 | 11:00
15-февраль күнү саат 05:00 чамасында Бишкектин Юнусалиева көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин жанынан мыйзамсыз түрдө 200 миң сомдук Ниссан Марч үлгүсүндөгү унааны тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткендер колго түштү. Бул туурасында баш калаанын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, унаасын тарттырып жиберген А.Н. атуу жаран ошол эле күнү милицияга кайрылган.
Бул факты Бишкек шаарынын Октябрь милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан кылмышка шектүү 2003-жылы туулган С.Н. колго түшкөн. СИЗО-1ге эки айга камакка алынды.
Мурда уурдалган унааны табылып, ээсине кайтарып берилген.