Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Путин Жириновский менен коштошту
08.04.2022 | 18:09
Орусиянын президенти Владимир Путин маркум саясатчы Владимир Жириновский менен коштошту. Бул туурасында жергиликтүү басылмалара жазып чыгышты.
Колонналар залындагы салтанатта Путин колуна кызыл роза гүлдөрүн кармап турган. Коштошуу президенттик полктун гвардиячыларынын катышуусунда өттү.
Эртең менен Куткаруучу Христостун соборунда эскерүү кечеси болуп, ага Москванын жана бүткүл Орусиянын Патриархы Кирилл катышты. Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын башчысынын милдетин аткаруучу Леонид Слуцкийдин айтымында, патриарх өзү Жириновскийди акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүнү каалаганын билдирген.
Жириновский 75 курагында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар