Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Амазон токойлору болуп көрбөгөндөй кыйылып жатат
09.04.2022 | 12:45
Бразилия бийлиги Амазон токойлорунун кыйылышы 2022-жылдын алгачкы үч айында мурунку жылга салыштырмалуу 64% га өскөнүн тынчсыздануу менен билдирди.
2022-жылдын биринчи үч айында токойлорду кыюу боюнча жаңы рекорд койду, экологдордун тынчсыздануусун жаратты.
Улуттук космостук изилдөө агенттиги билдиргендей, январдан мартка чейин Бразилиянын Амазон токойлорунун кыйылышы 64%га көбөйүп, 941 чарчы метрди түздү.
Бул деген Нью-Йорк шаарынан чоңураак аймак дегенди түшүндүрөт. 2015-жылдан берки токойдо эң чоң жоготуу болду.
Өлкөдө Амазон токоюнун 60 пайызга жакыны бар. Токойлор айыл-чарба аянтына айланып, дээрлик соя буурчактары айдалып кеткен. Токойлордун кыйылышы менен өрт көп катталып жатат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар