Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
15-апрелден тарта Казакстан унду тышка чыгарууга тыюу салды
12.04.2022 | 15:45
Казакстан 15-апрелден тарта дан жана унду экспорттоого чектөө киргизе турганын айыл чарба министринин биринчи вице-министри Айдарбек Сапаров билдирди. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги жазды.
Сапаровдун айтымында, мындай чектөө чаралары ички рыноктогу тартыштыкты жоюу үчүн зарыл.
“Тышкы соода саясаты жана эл аралык экономикалык уюмдарга катышуу боюнча ведомстволор аралык комиссия 15-апрелден 15-июнга чейин буудайды жана унду экспорттоого квота киргизүү чечимин кабыл алды. Буудайга 1 млн тонна, унга 300 миң тонна квота”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика