ЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификацияладыЕАЭБ жана АСЕАН алгачкы ирет деңиз аркылуу жүк ташуу тажрыйбасы менен алмашыштыТоктогулда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулдуЖогорку Кеңештин агрардык комитетинин төрагалыгына Кубанычбек Самаковдун талапкерлиги каралатАкыйкатчы институту №27 абакта соттолгондор үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди. ЖАМК мунун четке какты
Бул аптада доллардын курсу түшүүдө
14.04.2022 | 10:29
Кыргызстанда өткөн аптада доллардын куну бир аз көтөрүлгөндөн кийин кайра бул жума арзандай баштады.
Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 83-84 сомдон сатып алып, 84-84,5 сомдон сатууда. Кечээ кечтен бери 1,5-2 сомго, ал эми апта башынан бери 4 сомго арзандады. Расмий курс Улуттук банк тарабынан 83,5025 сом деп белгиленген.
Аптанын башынан бери евронун курсу 3 сомго – 95,5 сомдон 92,5 сомго арзандады.
Орус рубли да позициясын жоготуп жатат. Аны сатып алуу курсу кайрадан 1 сомдон төмөн болду. Азыр орус валютасы 0,9-0,95 сомдон алынып, 1,03-1,05 сомдон сатылууда. Расмий курс 0,9896 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика