Өлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүнАдылбек Касымалиев: Туризм экономикага туруктуу салым кошо баштадыIV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталдыАк илбирстин эл аралык күнү: Кыргызстан сунуштаган майрам дүйнөдө алгач белгиленди – Садыр ЖапаровБишкекте мектептердин жанындагы 18 соода күркөсү бузуулуудаБир ай мурун эркек кишини сабап кетишкен. Новопокровкада эки шектүү кармалды
Өтпөй калган гезиттер почта кызматкерлерине жүктөлөт
14.04.2022 | 12:21
Почта кызматкерлеринин айлыгы 4500 сом болсо, анысы аз келгенсип өтпөй калган гезиттерин моюндарына жүктөп коюшат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева парламентте билдирди.
“Почта кызматкерлеринин иши жооптуу жана татаал. Алардын айлыгы 4500-4600 сомго чейин эле. Бул айлыкка кантип жашаса болот? 2020-жылы Бишкекте айлык боюнча митинг болгон. Почта кызматкерлеринини айлыгын көтөрүп, маселесин жеңилдетишибиз керек. Анткени, алар каттарды, гезиттерди жеткирип берүүдөн тышкары, пенсия-пособиелерди да таратышат. Гезиттер өтпөй калса почта кызматкерлеринин моюнуна жүктөп коюшат экен”– деди эл өкүлү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом