«Манас айылынын” 5 сотых тилкеси эмне себептен бузулуп жатканы айтылды

 «Манас айылынын” 5 сотых тилкеси эмне себептен бузулуп жатканы айтылды

«Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси боюнча кептерге Президенттин иш башкармалыгы жооп берди. Бул туурасында өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

«Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык.

“Манас айылы» комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштеринин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен “Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт.мындан тышкары, келечекте «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.

Буга чейин аталган комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков бузулуп жатканына нааразылыгын билдирип чыккан болчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>