Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Өтпөй калган гезиттер почта кызматкерлерине жүктөлөт
14.04.2022 | 12:21
Почта кызматкерлеринин айлыгы 4500 сом болсо, анысы аз келгенсип өтпөй калган гезиттерин моюндарына жүктөп коюшат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева парламентте билдирди.
“Почта кызматкерлеринин иши жооптуу жана татаал. Алардын айлыгы 4500-4600 сомго чейин эле. Бул айлыкка кантип жашаса болот? 2020-жылы Бишкекте айлык боюнча митинг болгон. Почта кызматкерлеринини айлыгын көтөрүп, маселесин жеңилдетишибиз керек. Анткени, алар каттарды, гезиттерди жеткирип берүүдөн тышкары, пенсия-пособиелерди да таратышат. Гезиттер өтпөй калса почта кызматкерлеринин моюнуна жүктөп коюшат экен”– деди эл өкүлү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом