Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
Депутат: Коммерциялык банктарда долларга чектөө кирди
14.04.2022 | 16:54
Тыштан товар алып келебиз деген ишкерлерге коммерциялык банктар миң доллардан ашык акча бере албай жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев парламент жыйынында билдирди.
Депутат Улуттук банктын өкүлүнө бир да банкта доллар калбай калганын айтып, Улуттук банкта доллар барбы деп суроо салды.
Бул маселени териштирип көрөлү деди Улуттук банктын өкүлү.
Ал эми депутат 15 мүнөт мурунку эле жагдайды айтканын билдирди.
Улуттук банктын өкүлү бир аз убакыттан кийин кырдаалды тактап берээрин убада кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика