Кыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдө
Арзан насыя берген банктар жыл сайын бюджеттен неге акча ала берет?
14.04.2022 | 16:29
Айыл чарба багытында насыя алуучулар убагында кайтарып берип жатса, эмнеге жыл сайын мамлекеттен акча бөлүнө берет? Мурдагы акчалар каякка кетет? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев Айыл Банктын жетекчиси Улан Букабаевге берди.
“Айыл чарбаны каржылоо 9” долбооруна бериле турган каражатты банктар өз акчаларынан беришет. Мамлекет субсидия эле беришет. Жылына өкмөт бекитип берет, банктар сынакка катышып, кимиңер канча бере аласыңар дегенде банктар өз акчаларын салышат. 1 млрд. 900 млн сом Айыл банктын өзү тапкан акча. Банктар жеңилдетилген насыяны бергенден кийин мамлекет үстүнө 8,5 пайыз субсидия төлөп берет”- деп жооп берди Букабаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика