Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Депутат селден жабыркагандарга 5 күндүк айлыгын которууну сунуштады
11.05.2022 | 12:36
Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов селден жабыркаган тургундарга депутаттардын 5 күндүк айлыгын которууну сунуштады.
Анын айтымында, табыгый кырсыктан улам көптөгөн үй-бүлөлөр жабыркады.
“Өзгөчө Сузак районунун Барпы айылында жана Ош облусунун Алай районунда селдин кесепетинен улам жабыркагандардын саны арбын. ӨКМди карап отура бербей, депутаттар жок дегенде 5 күндүк айлыгыбызды которуп, каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштайм. Бул демилгени башка дагы мамлекеттик органдар да колдоого алышат деп ойлойм”, – деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом