Тажик-кыргыз чегинен мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Тажик-кыргыз чегинен мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз чек араны кесип өткөн кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 30-апрель күнү Тажикстанстандын Чек ара кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Согди облусунун Исфара районундагы Ходжа-Ало айылында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча “камаз” оор жүк ташуучу унаа кармалган.

Маалым болгондой, жогорудагы унаанын айдоочусу Кыргызстандын жараны, К.А.А. аттуу Баткен районунун тургуну экени аныкталган. Ал Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдө кармалган учурда Тажикстандын аскер кызматчыларынан жашырынып Кыргызстанга  мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп кеткен.

Жогорудагы факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, автоунаа да Тажикстандын Чек ара кызматкерлеринен кабыл алып өткөрүп берүү актысы менен Кыргызстандын аймагына өткөрүлүп берилген жана “Орто-Боз” чек ара заставасына кылмыш иши тергелип бүткөнгө чейин  кармалды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>