Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда
Парламент казинолор боюнча мыйзамды жабык карап жатат
11.05.2022 | 16:30
Жогорку Кеңештин депутаттары кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун жабык карап жатат. Бул маселени жабык кароону президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштады.
Каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.
Максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү экени айтылат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров колдоп чыккан болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат