Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз товар алып киргендер кармалды

Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз товар алып киргендер кармалды

Кыргызстанга Өзбекстандан мыйзамсыз түрдө товар алып кирүүгө аракеттенген үч автоунаа: Daewoo-Damas, Chevrolet-Lacetti жана Mercedes–Benz Sprinter 11-майда, Айдаркен чек ара бекетинин кызматкерлери тарабынан кармалды.

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргызстандык жарандарга таандык автоунааларда кийим-кече жана жашылча-жемиштер болгон.

Кармалган автоунаалар жана адамдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Чек ара кызматынын маалымдашынча, 1-10-май аралыгында Баткен облусундагы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасынан 20 аткезчилик аракети токтотулган.

Мекеменин басма сөз кызматы калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканына карабастан, аткезчилер аскерлердин талаптарын этибарга албай, курал колдонууга аргасыз болгон учурлар катталганын белгилөөдө.

Мындан тышкары бир эле жаран бир нече жолу мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган учурлар бар.

Аткезчилер Тажикстандан Кыргызстанга жашылча-жемиш алып кирүүгө аракет кылса, Кыргызстандан Тажикстанга өсүмдүк майы, ун, күрүч, ар кандай түрдөгү суусундуктар, ошондой эле ири көлөмдөгү минералдык жер семирткичтерди өткөрүү аракети болгон

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>