Суу жеп кеткен жолдор ачыла элек

Суу жеп кеткен жолдор ачыла элек

Нарын менен Сузакта селден улам жабылган жолдор ачыла элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак району менен Нарын шаарында соңку күндөрү болуп өткөн селден улам желген жолдор ачыла элек.

4-майдан 10- майга чейинки аралыкта катуу жааган жамгырдан улам Кыргызстандын аймактарында селден калктуу конуштар жабыр тартты. Мындан Сузак районундагы бир көпүрө толугу менен жараксыз абалга кептелип, 500дөй үйдү сел каптады. Ошондой эле Ош, Талас жана Нарын облустарынын айрым аймактарында тилсиз жоодон мектептер, турак-үйлөр, медициналык жайлар зыянга учураган.

Азырынча жаратылыш кырсыгы канча зыян алып келгени так эсептелип бүтө элек. Ал эми бийлик менен кошо жергиликтүү тургундар да жардам берип жүрүшөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>