Депутат: Казинону чет элдик жарандарга гана ачуу керек

Депутат: Казинону чет элдик жарандарга гана ачуу керек

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаттары казинону мыйзамдаштыруу маселесин  талкуулап жатышат.

Жыйында депутат Дастан Бекешев президенттин казинону чет элдик жарандарга гана ачуу идеясын колдой турганын айтты.

Бул мыйзам долбоору министрлер кабинетинде жазылбаганын жана аны ким сүрөп жатканын жакшы билем. Тилекке каршы, президенттин жанындагы адам эки жолу чоң ката кетирип, ыйык Орозо айында казинону мыйзамдаштыруу мыйзам долбоорун демилгеледи. Мындай адамды дароо кызматтан кетирүү керек.

2011-жылы Садыр Жапаров депутат катары казинолор жабылышы керек деп добуш берген. Азыр болсо президент катары бюджетке каражат керек экенин түшүнүп жатат. Мен анын казинону чет элдик жарандарга гана ачуу идеясын колдойм. Мисалы, мусулман өлкө деп эсептелген Малайзияда деле чет элдик жарандар үчүн казино иштейт. Муну менен алар жаман өлкө болуп калган жок. Ал эми онлайн казино деген бюджетке каражат түшүрбөө үчүн атайын жасалып жаткан иш. Аны алып салуу керек. Мындан тышкары сурамжылоо менен кабыл алынды деген практиканы токтотолу”, — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: казино

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>