Бейтаптар медициналык кызматтын 46%ын өз каражаттарынан төлөшөт

Бейтаптар медициналык кызматтын 46%ын өз каражаттарынан төлөшөт

Кыргызстанда бейтаптар медициналык кызматтын 46%ын өз каражаттарынан төлөшөт. Дүйнөлүк банктын саламаттыкты сактоо боюнча экономисти Кристел Вермеерш Кыргызстандын  Министрлер Кабинети жана Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган Бишкектеги форумда сөз сүйлөп, Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

Мамлекет тарабынан 100% дарыланууга кепилдик берилген ар бир бейтапка казынадан жылына 150 сомдон гана жардам берилет. Бул жагдай жарым-жартылай жарандардын 15% гана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүү менен түшүндүрүлөт.

«Кыргызстанда кайра карап чыгууну талап кылган мамлекеттик кепилдиктердин комплекстүү системасы бар. Саламаттыкты сактоого мамлекеттик чыгымдардын болжол менен 80% мамлекеттик кепилдиктердин пакетин берүүгө жумшалат, ал эми калк мамлекет тарабынан кепилденген медициналык кызматтардын тизмеси жөнүндө кабардар эмес. Бул пакеттин декларативдүү экенин көрсөтүп турат”, — деди Кристел Вермерш.

Саламаттыкты сактоо системасын каржылоону көбөйтүү үчүн ресурс катары Дүйнөлүк банктын эксперттери алкоголдук ичимдиктерге, тамекилерге жана шекер кошулган суусундуктарга кошумча салык киргизүүнү сунуштоодо.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>