Билим берүү бир аз жакшырса эле Кыргызстандын ИДПсы 20% өсөт

Билим берүү бир аз жакшырса эле Кыргызстандын ИДПсы 20% өсөт

Кыргызстан билимге жеткиликтүүлүгү боюнча алдыңкы орунда, бирок билим берүүнүн сапаты региондогу көпчүлүк өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бүткүл дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча  адиси Хусейн Абдул-Хамид Бишкекте өткөн форумда Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Дүйнөлүк банктын эксперти Кыргызстанда билим жогору бааланып, жогорку билими бар адамдар көбүрөөк айлык алып, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгонуна көңүл бурду.

«Жогорку билимге жетүү жакшы деңгээлде болгону менен, балким, бүткүл регион боюнча эң жогору, бирок сапат жагынан көйгөйлөр бар. Университетте бир жыл окуган бала башка өлкөдөн алгандан азыраак алат. Кыргызстандан 30-35 жаштагы жарандардын 30%ы кандайдыр бир даражага ээ, бирок алар билим сапаты боюнча эң төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөтөт», — деп Хусейн Абдул-Хамид изилдөөнүн жыйынтыгы менен бөлүштү.

Эксперт мындай жагдайдан улам Кыргызстандын билим берүү тармагы инвестиция жагынан өтө келечектүү экенин көрсөтөт деп эсептейт.

«Кичинекей жакшыруу да экономикалык өсүшкө алып келет. Мисалы, Кыргызстандагы билим деңгээли Эстониянын деңгээлине жетсе, анда Кыргызстандын ички дүң өңдүрүмү 20% өсөт”, — дейт Хусейн Абдул-Хамид.

Ал кошумчалагандай, жогорудагы максаттарга жетишүү өкмөт менен ЖОЖдордун биргелешкен программаларын ишке ашыруу аркылуу мүмкүн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>