Кыргызстандык футболчу Эмирхан Кыдыршаев «Барселонанын» жаштар командасына кошулганын Кыргызстандын футбол союзу билдирди.
Маалым болгондой, Камчыбек Ташиевдин 17 жаштагы уулу буга чейин каталониялык команда менен машыгууга расмий түрдө киришкен.
Буга чейин Кыдыршаев «Перуджа» клубунун системасына Италиядан чакырылганы, ошондой эле испаниялык «Леванте» клубунун курамында машыкканы маалымдалган.