“Мунун эмнеси жаман?”: Депутат марихуанага уруксат берүүнү сунуштады

“Мунун эмнеси жаман?”: Депутат марихуанага уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев бир гана кумарканаларды эмес, баңгизатты дагы мыйзамдаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, оюн-зоок бизнеси бир гана туристтерди эмес инвесторлорду тартууга дагы жол ачат.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттерде кумарканага тыюу салынган эмес, жада калса өз жарандарына кирүүгө уруксат берилген, бизде тыюу салынып жатат. Мурун Кытайдан бир күндө эки жолу аба каттам бар болчу. Кытайлыктар ойногону келип, акчасын уттуруп жибергенден кийин кайра учуп кетишчү. Мунун эмнеси жаман?”, — деди Малиев.

Ошондой эле, ал кумаркана кеңири жайылган Лас-Вегас  жана Атлантик-Сити шаарларын мисал келтирди.

Мындан тышкары бир гана кумаркананы эмес, марихуананы дагы мыйзамдаштыруу керек. Эчак эле мыйзамдаштырыш керек болчу. Биз экономиканы мунай жана газы жок кантип көтөрүү керектигин ойлонушубуз керек”, — деди депутат Малиев.

Кечээ, 11-майда Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Ага 56 депутат макул, 13 депутат каршы добуш берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>