Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Дүйнө салган белгилүү диктор Бактыбек Мамытовдун акыркы маеги
20.05.2022 | 13:45
Кыргызстандын эл артисти, белгилүү диктор Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында дүйнө салды. Кабарды кесиптештери тастыкташты.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде билим алган.
Бактыбек Мамытов көп жыл КТРКда “Арноо концертин” алып барган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы, 2006-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.
Диктор акыркы жолу 2021-жылы жубайы Жамийла Омокеева менен бирге SUPER TV каналына үй-бүлө, турмуш, эки адамдын ортосундагы мамиле тууралуу маек курган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом