Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Нарында судья менен прокурор пара менен кармалышты
20.05.2022 | 13:31
Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. жана райондук прокурордун орун басары О.Ж. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жумгал районунун судьясы А.А. райондун прокурорунун орун басары менен биргелешип, Х.Д. аттуу жарандан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу беренеси менен айыпталган анын жакын тууганына карата сотто ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан.
Прокурордун орун басары убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар