Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келет
20.05.2022 | 14:05
Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, визит алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот.
Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго койуунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом