Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Өзгөндө жайлоого кеткен өспүрүм баланын жансыз денеси табылды
25.05.2022 | 09:33
Өзгөн районунда дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-май күнү Коргон айылынын 2005-жылы туулган Т. К. аттуу тургуну Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат туугандарынан ӨКМге 24-май түнү саат 01:00 чамасында түшкөн.
“Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, Үнкүр айылына жетип барганда, жергиликтүү тургундар тарабынан жоголгон баланын жансыз денеси табылгандыгын билдиришкен. Куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денесин ата-энесине өткөрүп беришкен”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом