Сузак районунда электр мамычасында асылып турган жигиттин денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Комсомол айылында жогорку чыңылуудагы электр мамычасында болжол менен 22-25 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси асылып тургандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жансыз денесин түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.