Казакстанга мыйзамсыз тамеки жүктөп бараткан жаран кармалды

Казакстанга мыйзамсыз тамеки жүктөп бараткан жаран кармалды

УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында контрабандалык иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында, Кыргызстандан тамеки аткезчилигинин ири партиясын Казакстанга мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 22-майда Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетип жаткан учурда «Чоң-Капка-унаа жолу» өткөрмөсүнөн А.Р.А. аттуу Кыргызстандын  жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган. Учурд УКМК тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул мыйзамсыз ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: тамеки

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>