17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнАдылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшердиКантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайт
Кыргызстанда эхинококкоз оорусу көбөйдү
27.05.2022 | 09:18
Кыргызстанда эхинококкоз оорусу көбөйдү. Бул тууралуу Мамсанэпидкөзөмөл департаментинин январь-апрель айларына карата инфекциялык жана мите оорулар боюнча баяндамасында айтылат.
Маалым болгондой, эхинококкоз оорусу 2,1 эсеге өскөн. Төрт айда 333 учур катталган (2021-жылы – 319).
Ал эми 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бруцеллез оорусу 11,1 пайызга азайган.
«213 учур катталган (2021-жылы – 238). Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облустарында оорунун жогорку деңгээли байкалууда», – деп айтылат баяндамада.
Эске салсак, бруцеллез жана эхинококкоз малдан, анын ичинде айыл чарбадан адамга жугуучу оорулар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом