Чоң-Алайдагы кырсыктан 3 адам каза болду, анын экөө кичинекей бала

Чоң-Алайдагы кырсыктан 3 адам каза болду, анын экөө кичинекей бала

Чоң-Алай районундагы жол кырсыктан 3 адам каза болду, анын экөө жаш бала. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош —Сары-Таш —Карамык унаа жолунун 66-чакырымында (Каздын тумшугу тилкеси) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын прицебиндеги контейнери, карама-каршы жолдо келе жаткан “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 жаш бала (2018-жылы туулган А.Б. тез жардам кызматынын унаасында, 2016-жылы туулган А.А. жеринде каза болгон), 1 эркек (1986-жылы туулган Ж.У.) каза болуп, 1 эркек киши (1993-жылы туулган Н.Э.)жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>