Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Кыргызстанда орусиялык телеканалдардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду
27.05.2022 | 10:58
Кыргызстанда ВГТРК телеканалдарынын, анын ичинде “Россия 24” телеканалынын көрсөтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Акнет” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кээ бир өлкөлөрдө жалпы орусиялык телеканалдарды таратууга мыйзамдык чектөөлөрдү кабыл алып жаткандыктан болуп жатат – ВГТРК каналдарын көрсөтүү эл аралык спутниктерде бир тараптуу бөгөттөлгөн. Ошондуктан, “Россия маданияты”, “Россия 24” жана “Звезда” берүүлөрү убактылуу жеткиликтүү эмес.
«Адистер туруктуу сигнал үчүн резервдик берүүнү уюштуруунун үстүндө иштеп жатышат. Уктурууну кийинчерээк Акнет түйүнүндө көрүүгө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом