Кыргызстанда 2026-жылы эмгек акы төлөөгө 203,5 млрд сом жумшалатӨкмөт башчы жарым жылда 88,3 миң жумуш орду түзүлгөнүн билдирдиКасымалиев: Жыл жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 2,35 трлн сомго жететОоганстандан ташылып келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жокОш облусунда вируссуз көчөттөрдү өстүрүү үчүн in vitro лабораториясы курулатБишкектин Селекция айылында 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Кыргызстанда орусиялык телеканалдардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду
27.05.2022 | 10:58
Кыргызстанда ВГТРК телеканалдарынын, анын ичинде “Россия 24” телеканалынын көрсөтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Акнет” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кээ бир өлкөлөрдө жалпы орусиялык телеканалдарды таратууга мыйзамдык чектөөлөрдү кабыл алып жаткандыктан болуп жатат – ВГТРК каналдарын көрсөтүү эл аралык спутниктерде бир тараптуу бөгөттөлгөн. Ошондуктан, “Россия маданияты”, “Россия 24” жана “Звезда” берүүлөрү убактылуу жеткиликтүү эмес.
«Адистер туруктуу сигнал үчүн резервдик берүүнү уюштуруунун үстүндө иштеп жатышат. Уктурууну кийинчерээк Акнет түйүнүндө көрүүгө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом