Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигинде кеңешме өткөрдү

Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигинде кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде жетекчилик курам менен кезексиз кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анда төрага министрликтин аткарган иштери жана алдыдагы пландары менен таанышып, билим берүүдөгү өзгөрүүлөр заман талабына ылайык жүрүшү керек деп белгиледи.

“Өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, баарыбыз биргелешип иш жасай турган мезгилдебиз”, — деди Акылбек Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим менен илим – экономиканы алдыга жылдыруунун негизги локомотиви экенин айтып, министрлик тарабынан калктын билимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаларын билдирди.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров билим берүү тармагын колдоого алуу күчөтүлөрүн убадалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>