Кыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталдыБишкектин батыш бөлүгүндө 7-апрелде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт: аймактардын тизмесиАдылбек Касымалиев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыЭдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт союзунун башчысы менен жолугушту — анда эмнелер талкууландыЭл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деген шек менен жаран кармалдыБеларуста нацисттердин курмандыктары көмүлгөн мурда белгисиз 166 жай табылды
Бишкек: Борбордук мечит бузулат
27.05.2022 | 13:35
Бишкектин Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргызстандын борбордук мечити бузулат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Муфтияттан билдиришкендей, ал жерге жаңы жана заманбап мечит курулат.
“Азыркы мечит 1995-жылы курулган. Азыр намаз учурунда элдер дээрлик көчөгө чейин чыгып калышат, ошондой эле жол тыгындары да бар. Жаңы мечитте унаа токтотуучу жай да болот, мечиттин болжолдуу сыйымдуулугу 10 миң адамды түзөт, ал өлкөдөгү эң чоң мечиттердин бири болот”, – деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштери июнь айында башталып, демөөрчүлөр менен учурда алар сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.
“Бул жерде 1944-жылы курулган мечит бар. Ал бузулбайт”, – деп кошумчалашты дин башкармалыктагылар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом