Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылдыИлон Маск Трамптын Украинага жаңы президент шайлоо чакырыгын колдоду
Оштун тургунунан уурдалган Калашников автоматы алынды
27.05.2022 | 13:04
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган АКС үлгүсүндөгү 7.62 калибриндеги Калашников автоматы алынды.
Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, бул куралды Кара-Суу районунун 1985-жылы туулган К.А. аттуу тургуну мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталды.
Алгачкы тергөөнүн маалыматтарына караганда бул курал 2010-жылы, июнь окуялары учурунда коомдук тартипти орнотууга тартылган түзүмдөрүнүн биринен уурдалган.
Учурда алынган куралга карата соттук-баллистикалык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалары дайындалып, тийиштүү тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом