Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Жалал-Абад: Аксыда сел жүрдү
28.05.2022 | 09:50
Алдын ала маалымат боюнча 27 май күнү саат 19:10до нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам, кокту-колоттордон келген сел суулар Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун каптаган.
Андан сырткары Топ-Жаңгак-Кызыл-Көл автоунаа жолдун айрым жерлерине кум-шагылдар түшүп жолду жабып калган деген маалымат түшкөн.
Белгиленген аймакка Аксы районунан ыкчам топ тартылган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар