Кыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы БишкектеКооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндө
Жалал-Абад: Аксыда сел жүрдү
28.05.2022 | 09:50
Алдын ала маалымат боюнча 27 май күнү саат 19:10до нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам, кокту-колоттордон келген сел суулар Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун каптаган.
Андан сырткары Топ-Жаңгак-Кызыл-Көл автоунаа жолдун айрым жерлерине кум-шагылдар түшүп жолду жабып калган деген маалымат түшкөн.
Белгиленген аймакка Аксы районунан ыкчам топ тартылган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар