Оштун бир канча айылдарында сел жүрдү

Оштун бир канча айылдарында сел жүрдү

Такталган маалымат боюнча, 27-май күнү саат 20:15 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5-чакырым ички чарбалык жолду каптаган.

Ошондой эле Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” баласындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып 25 турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилген.

Жабыркагандар жок. Бүгүн жерине сууларды сордурууга Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу мотопомпа менен тартылды. Кошумча маалымат берилет. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>