Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Командир Ахматов: Сабалган жоокер үчүн жоопкерчилик алууга даяр эмесмин
08.06.2022 | 12:35
Бүгүн, 8-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү чакырылган жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышы боюнча маалымат жыйын өткөрүштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командири Кумар Ахматов сабалган жоокер үчүн жоопкерчиликти алууга даяр эмес экенин билдирди.
“17-майда мени кызматтан алып, башка кызматка которушту. Акыркы убактарда кызматымды тапшыруу менен алек болдум. Балким, кадрдык иштерге убакыт бөлгөн жокмун”, — деди Ахматов.
Эске салсак, кечээ, 7-июнда катардагы жоокер Эсенбековдун атасы прапорщик Ж.уулу Т.га чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, анын айтымында, ал 1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө баласын сабап салган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом